Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:14

АКШ Орусияга Сирия боюнча кызматташтыктын жаңы багыттарын сунуштады


Сирия.
Сирия.

АКШнын Сирия жаңжалын чечүү боюнча жаңы сунуштары тууралуу Washington Post гезити жазып чыкты. Маалыматка караганда, расмий Вашингтондун Сирия көйгөйүнөн арылуу үчүн сунуштап жаткан чечимдери Орусия менен кызматташтыкты арттырууга багытталган. Бул сунуштар ушул аптада Москвага жиберилди. Анда негизинен “Аль-Каида” менен байланышы бар “Жабхат ал-Нусра” террордук уюмуна каршы операцияларда маалымат алмашуу чакырыгы камтылган. Кремлдин буга кандай жооп кайтарганы азырынча белгисиз.

Ушул тапта Сирияда Орусия менен Американын аскердик күчтөрү өз алдынча операцияларды жүргүзүүдө. Вашингтон Москваны Сирия президенти Башар Асадга жардам берүү менен козголоңчуларга сокку уруп жатат деп айыптап келет. Буга чейин орусиялык тик учактар аба соккуларын токтотуу тууралуу Вашингтондун эскертүүлөрүнө карабай, АКШ колдогон оппозициялык күчтөрүнө эки жолу чабуул жасаганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG