Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

АКШ Ооганстандагы жардырууларды айыптады


Куткаруу иштери.
Куткаруу иштери.

АКШ мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Жон Кирби Вашингтон Ооганстанда 30-июнда болгон жардырууларды кескин айыптай турганын билдирди:

-Кабулдагы ооган полициясы менен жай тургундарга кол салуу кабыл алынгыс. Биринчи чабуулда полициянын курсанттары, экинчисинде аларга жардам берүүгө умтулгандар бутага алынды. Ыйык Орозо айындагы бул окуялар экстремисттердин адам өмүрүн аябай кыйып, ооган элине зыян келтирүүнү улантып жатканын көрсөттү. Мындай чабуулдар биздин Ооганстанды коопсуздукту камсыздоо багытындагы колдообузду күчөтөт.

Ооганстандын башкалаасы Кабулдун батыш тарабында 30-июнда жанкечтинин жардыруусунан кеминде 30дай адам набыт болду. Жарадарлардын саны 40тан ашты. Бомба полиция академиясынын 200дөй бүтүрүүчүлөрү бараткан автокербенге багытталган. Автокербен бараткан жолдо эки жардыруу болгон. Бул үчүн талиптер жоопкерчилик алышты. Мындан бир апта мурда Кабулда автобус жардырылып, 14 адам мерт кеткен. Алар Канаданын элчилигин кайтарган непалдыктар эле.

XS
SM
MD
LG