Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Словакия алгачкы жолу Евробиримдиктин кеңешин жетектеди


Бельгиядагы ЕБ тышкы иштер министрлеринин жыйыны.
Бельгиядагы ЕБ тышкы иштер министрлеринин жыйыны.

Словакия 1-июлдан тартып Европа биримдигинин кеңешине төрагалык кылуу милдетин аткарууга киришет. 2004-жылы Евробиримдикке кошулган Словакия биринчи жолу бул милдетти аркалайт. Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо көп маселелерди чечүү натыйжасыз болуп жатканын, мигранттар боюнча жалпы европалык саясатты өзгөртүүгө далалат жасай турганын билдирди.

Анын айтымында, "Европанын болочогу тууралуу чечимдер биримдиктин бир же эки мүчөсүнүн, негиздөөчү мамлекеттердин бүтүмдөрүнө негизделбеши керек”.

Былтыр Словакия Евробиримдиктин ар бир өлкөсүнө качкындарды квота менен бөлүү планына катышуудан баш тарткан.

Буга чейин Роберт Фицо ЕБ лидерлерине сентябрда бейформал саммитке чогулуп, Улуу Британиянын мүчөлүктөн чыгышына байланыштуу биримдиктин келечегин талкуулоону сунуштаган. 23-июндагы референдумда Британия элинин 51 пайызы Евробиримдиктен чыгууну жактады.

XS
SM
MD
LG