Линктер

Президент мыкты бүтүрүүчүлөргө "Алтын сертификат" тапшырууда


Иллюстрация

Иллюстрация

Ушу тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында быйыл мектепти аяктаган мыкты бүтүрүүчүлөргө "Алтын сертификат" тапшырылууда.

Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген, мектепти жалаң "5" деген баа менен аяктаган 66 улан-кызга 10 миң сомдук акчалай сыйлыгы бар сертификатты мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өзү тапшырууда.

Бул сертификат аларга Кыргызстандын каалаган жогорку окуу жайына сыноосуз өткөнгө укук берет.

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында эң жогорку баллды (237) Бишкектин №61 мектебин аяктаган Данияр Ибраимов алган. Бул мектептен быйыл "Алтын сертификатка" жалпысынан 10 окуучу ээ болду. (AiA/RK)

XS
SM
MD
LG