Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:13

Босния-Герцеговинада жарандык согуштан кийин алгачкы жолу өткөрүлгөн эл каттоо калктын саны 25 жылда 20 пайызга азайганын көргөздү.

30-июнда 2013-жылкы эл каттоонун жыйынтыктары жарыяланды. Маалыматка ылайык, 1991-жылы өлкөдө 4,4 миллион киши жашаса, азыр 3 жарым миллион калган. Жарымы же 50,11 пайызы мусулман босниялыктар. 15,43 пайызы – роман католик хорваттар жана 30,78 пайызы – православ сербдер.

Босниялык сербдер Европа биримдиги сунуш кылган эл каттоо ыкмасына макул эмес болуп келди. 2013-жылкы эл каттоо экономикалык жана социалдык пландоо үчүн өтө маанилүү болуп эсептелет. Бирок сербдер өнөктүктүн жыйынтыгы 1995-жылы киргизилген бийлик бөлүштүрүү принцибине таасир этет деп чочулашат. Еврошаркет Босния февралда альянска кошулуу боюнча берген арызы каралуусун кааласа, 1-июлга чейин эл каттоонун жыйынтыгын жарыялашы керек деп эскерткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG