Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:36

Австрияда президенттик шайлоо кайра өтөт


Мындай чечимди бүгүн өлкөнүн Конституциялык соту кабыл алды. Ашынган оңчулдардын "Эркиндик" партиясынын лидери Ханц-Кристиан Штрахе добуштарды саноодо мыйзамдар бузулганын айтып арыз берген. Партиянын талапкери Норберт Хоферге экинчи турда жеңиш үчүн бир проценттен аз добуш жетпей калган.

Шайлоону андан 31 миң добушка көп топтогон Жашылдар партиясынын мурдагы жетекчиси Александр Ван дер Беллен уткан. Сотто улутчулдар бюлеттендерди белгиленген мөөнөттөн мурда ачуу, добуштардын атайын ыйгарымы жок адамдар тарабынан саналышы, өспүрүмдөр менен чет өлкөлүктөрдүн шайлоого катышуусу өңдүү материалдарды далил катары көргөзүшкөн. "Эркиндик" партиясы иммигранттарга каршы турумду ээлейт.

Кайра шайлоо сентябрь же октябрда өткөрүлмөкчү. Ага чейин мамлекетти парламенттеги үч лидер башкарып турат. Австрияда президент негизинен өкүлчүлүк функцияларды аткарганы менен парламенттин төмөнкү палатасын таркатууга укуктуу. Андай болгон күндө эрте шайлоо жарыяланат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG