Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Гройсман: Украина Евробиримдикке 10 жылдын ичинде кошулат


Украинанын премьер-министри Володимир Гройсман
Украинанын премьер-министри Володимир Гройсман

Украинанын премьер-министри Володимир Гройсман өлкө Европа Биримдигине 10 жылдын ичинде кирет деп боолголойт. Германиялык Frankfurter Allgemeine Zeitung басылмасына берген интервьюда премьер Киев менен шаркеттин Ассоциациялык келишими Украинада реформаларды жүргүзүүнү тездетүүчү фактор болгонун айтты.

“Биз Европа жолуна түштүк. Бул – биз эркиндик, адам укуктары жана күчтүү экономиканы тандадык дегенди билдирет", - деди Гройсман.

Өлкө мыйзамдары биримдиктин нормаларына ылайыкташтырылууга тийиш. Өзгөчө коррупцияга каршы күрөштө көп нерселер жасалды, - деген өкмөт башчы Улуу Британиядагы референдумдун жыйынтыгына карабастан, Украина блоктун келечегине ишенет деп кошумчалады.

XS
SM
MD
LG