Линктер

Түркиянын тартип коргоо органдары 28-июнда Стамбулдагы Ататүрк эл аралык аэропортуна кол салган үч террорчунун экөөнүн тек жайын аныктады. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы биллдирди. Тышкы мекеменин маалыматы боюнча, алар Раким Булгаров жана Вадим Османов аттуу Орусия жарандары болуп чыкты. Үчүнчү жанкечтинин тек жайын жана жарандыгын аныктоо иши жүрүүдө.

Буга чейин Түркиянын маалымат каражаттары коопсуздук органдарындагы атын атабаган булакка шилтеме менен чабуул койгондор Орусия, Өзбекстан жана Кыргызстан жарандары болчу деп кабарлашкан. Бирок Түркия бийликтери муну расмий бышыкташкан эмес. Ал эми эл аралык маалымат каражаттары терактты Орусиянын жараны, чеченстандык Ахмед Хатаев уюштурганын жазышкан. Ал «Ислам мамлекети» радикал уюмунун жогорку даражалуу мүчөсү болуп эсептелет. Бирок бул маалымат да расмий ырастала элек.

28-июнда үч киши аэропортто Калашников автоматтарынан ок ачып, кийин өздөрүн жардырышкан. Кол салуу 44 кишинин өмүрүн алып кетти, 230дан көп киши жарадар болду. (АА)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG