Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

Даккада бир нече киши шаар борборунда барымтага алынды


Бангладештин борбору Дакка шаарында бир нече куралчан адам дипломаттар жана чет өлкөлүк адистер жашаган райондо кафеге чабуул койгону кабарланууда.

Полиция район курчоого алынганын айтып, бирок канча киши барымтага алынганы жана канча киши кол салганы белгисиз десе, кафенин кожоюну 6-8 киши 20 чакты кишини кармап турганын ырастоодо.

Маалыматтарга караганда, барымтага алынгандардын арасында чет элдик жарандар бар. Күбөлөр ага чейин аткылашуу угулганын айтып беришти. Полиция кырдаалды кан төгүүсүз чечүүгө аракеттенип жатат.

XS
SM
MD
LG