Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:47

Орусияда балдар омбудсмени кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын бышыктады


Павел Астахов

Павел Астахов

Павел Астахов телеканалдардын бирине чындыгында кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын жана акыркы чечимди президент кабыл аларын билдирди.

Буга чейин да бир топ талаштуу сөздөрү менен белгилүү болгон Павел Астахов Карелиядагы трагедияда аман калган балдар менен жолугушуп жатып, “кана, сууга жакшы сүздүңөрбү?” - деп сураганы коомчулукта нааразылыктарды пайда кылган. Балдар омбудсмени орусиялык жеткинчектерди чет өлкөлүк жарандар тарабынан асыроо маселеси боюнча да Москва менен Вашингтондун тирешүүсүнүн чордонунда болуп келген.(AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG