Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:41

Сүрөтчү Турсунбек Койчиев көз жумду


Турсунбек Койчиев
Турсунбек Койчиев

Маданият министрлигинин маалыматында, Кыргыз эл сүрөтчүсү, Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, таланттуу живописчи-пейзажист 75 жаш курагында узакка созулган оорудан улам көз жумду.

Койчиев 1941-жылы Чүй облусуна караштуу Калинин районунун Сары-Булак айылында төрөлгөн. 1958-жылы Фрунзе көркөм окуу жайына тапшырып, 1963-жылы аяктаган. Анын чыгармачыл эмгек жолу 1965-жылы республикалык көргөзмөлөргө катышуу менен башталган. Ал Москва, Кутаиси, Гурфузда чыгармачыл иш сапарда болуп, Италия, Швеция, Бельгия, Монголиядагы эл аралык жана жалпы союздук көргөзмөлөргө катышкан.

Анын эмгектери 15 басылмада жарыяланган. Кыргыз улуттук көркөм искусствосуна кошкон салымы үчүн 1993-жылы Кыргызстандын эмгек сиңирген ишмери, 2007-жылы Кыргыз эл сүрөтчүсү наамын алган. Сүрөтчүнүн эмгектери Франция, АКШ, Кытай, Түркия, Орусия жана Казакстанда жеке коллекцияларда бар.

Сүрөтчү менен коштошуу зыйнаты 3-июлда болот. Анын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. (AzK)

XS
SM
MD
LG