Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:31

Иркутскта "Ил-76" учагынын жоголушу боюнча кылмыш иши козголду


Орусиянын тергөө комитетинин билдиришинче, маселе аба транспортун пайдалануудагы коопсуздук эрежелери бузулганына байланыштуу болуп жатат. Ушул тапта Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу учактын жоголуу себептери иликтенүүдө. Версиялардын бири катары учактын техникалык жактан оң эместиги жана учкучтардын катачылыгы каралууда.

Жума күнү эртең менен бортунда он экипаж мүчөсү бар "Ил-76" учагы токойдогу өрттү өчүрүүгө чыккан. Учак жоголгон аймакты түтүн каптап, айлана-тегеректи көрүү мүмкүн эместиги кабарланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жерде "Ил-76" кулашы мүмкүн деген аймакта издөө иштерин жүргүзүп жатат. Ал жерге куткаруучулардын үч тобу жөнөтүлгөн. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG