Линктер

Холокосттон тирүү калган, «Түн» аттуу китеби менен Нобель сыйлыгына ээ болгон 87 жаштагы жазуучу Эли Визель көз жумду. Бул тууралуу Newsweek журналы кабарлады. 1928-жылы Румынияда төрөлгөн Визель 15 жашында Холокост лагерине түшкөн. 1945-жылы бир карындашы жана апасы лагерде көз жумуп, өзү дагы эки карындашы менен аман калган. Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин ал Парижге жер которуп, ал жактан билим алган жана журналист болуп иштеген. Алтымышка чукул китеп жазгандан кийин АКШга кетип, ал жактын жараны болгон. Йель, Бостон жана Нью-Йорк университеттеринде окутуучу болуп иштеген. 1960-жылы жазган «Түн» аттуу китеби менен атактуу болуп, адабият боюнча Нобель сыйлыгын алган. (BCh)

XS
SM
MD
LG