Линктер

Бишкектин чегине чейинки 4,2 километрдик жолду 1-августка чейин бүткөрүү пландалууда. Бул күндөрү Тынчтык проспектисинен Кожобергенов көчөсүнө чейинки узундугу 1,2 километр болгон Семетей көчөсү каптиалдык ремонттон өтүүдө жана аны оңдоо иштери 6-июлда бүтөт. Жолду «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы салууда.

Шаар мэри Албек Ибраимов жолду оңдоо иштерин текшерип, мындан тышкары “Аска-Таш” комплексинде, батыш автовокзалында болду. Ал комплекстин фонтанын калыбына келтирип, батыш автовокзалдагы жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн тосмолорду тургузууну жана таксилер үчүн жаңы унаа токтотуучу жайларды уюштурууну тапшырды. (AzK)

XS
SM
MD
LG