Дакка шаарындагы кафеде адамдарды барымтага алып өлтүргөн окуя боюнча Бангладеште эки күндүк аза күтүү күнү жарыяланды.
Экстремисттер жума күнү шаардагы кафеге кол салып, 20 кишини өлтүрүшкөн. Алардын көбү чет элдик жарандар болгон. Атышуу учурунда эки полиция каза тапкан. Ишемби күнү күч түзүмдөрү жүргүзгөн операциянын жыйынтыгында барымтадагы 13 адам бошотулуп, 6 жоочу жок кылынды.
Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук тобу мойнуна алды. (AzK)