Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Багдадда жардыруудан 20дан ашык киши мерт кетти


Багдаддын Карада районундагы жарыдуу.
Багдаддын Карада районундагы жарыдуу.

Жекшембиге караган түнү шаардын борборунда жардыруучу зат бекитилген автоунаа жарылып, 18 киши мерт болуп, ондогон киши жарат алды.

Шаардын ортосундагы Карада районунда дүкөн, кафе, ресторандар жык жайгашкан жана адатта ыйык рамазан айында ал жерде кечке маал киши көп чогулат.

Андагы жардыруудан бир аз убакыт өткөн соң шаардын түндүк бөлүгүндө дагы жардыруу болуп, андан 6 киши каза таап, 20сы жарадар болду.

SkyNews, Arabia телеканалдарынын билдиришинче, бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук тобу алган. Ирактын бийлиги азырынча бул малыматты бышыктай элек. (AzK)

XS
SM
MD
LG