Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Евро-2016: Германиянын курама командасы жарым финалга чыкты


Германиянын футболчулары Италияны уткандан кийин.
Германиянын футболчулары Италияны уткандан кийин.

Германиянын курама командасы кезектеги беттеште Италияны утуп, жарым финалга чыкты. Оюндагы негизги жана кошумча убакыт 1:1 эсебинде аяктаган. 65-мүнөттө немис футболчусу Месит Өзил гол киргизсе, 78-мүнөттө Леонардо Бонуччи жооп кайтарып, эсепти теңеген. Пенальти сериясында Германиянын курамасы 6:5 эсеп менен Италияны утуп алды.

Германиянын курамасы жарым финалда бүгүнкү боло турган Исландия жана Франция беттешинин жеңүүчүсү менен ойнойт. Исландия менен Франциянын оюну бүгүн Бишкек убактысы боюнча түнкү саат бирде болот.

Жарым финалдык таймаштагы экинчи түгөйлөр буга чейин эле аныкталган. Алар Португалия жана Уэльс.

Европа чемпионатынын финалдык оюну 10-июлда болот. (AzK)

XS
SM
MD
LG