Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:45

Шойбле: Евробиримдиктеги интеграцияны тереңдетүү кайра каралууга тийиш


Волфганг Шойбле

Волфганг Шойбле

Германиянын финансы министри Волфганг Шойбле Британия Евробиримдиктен чыгууга добуш бергенден кийин уюмга мүчө мамлекеттердин интеграциясын тереңдетүү канчалык керек деген маселе кайра каралууга тийиш деп билдирди. 3-июлда Берлинде сүйлөп жатып, министр ал өзү интеграцияны жактаарын, бирок азыр ал үчүн туура эмес мезгил болоорун кошумчалады. “Демагогия жана евроскептицизм күчөп турган чакта Европа мурдагыдай алга жыла албайт”, - деди Шойбле. Анын алдында шаркеттин жогорку бир катар өкүлдөрү Британия 28 өлкө кирген блоктон чыгуу үчүн добуш бергенден кийин интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө үндөшкөн.

Ал тапта Британиянын эмки премьер-министри болушу мүмкүн делген эки алдыңкы талапкер шаркеттен чыгуу жараяны боюнча эки башка ойду билдиришти. Ички иштер министри Тереза Мэй өлкө Брюссель менен сүйлөшүүлөрдөгү позициясын так аныктап, чыгуу процессин тездетпөө керек десе, энергетика министри Андреа Лидсом Британия шаркеттен чыгып кетүү багытындагы иштерди ыкчамдатуусу зарыл деп белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG