Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:52

Хаменеи Сирия маселеси боюнча АКШ менен кызматташууга каршы


Аятолла Али Хаменеи

Аятолла Али Хаменеи

Ирандын Жогорку лидери Тегеран Сириядагы жана региондогу башка жаңжалдарды жөнгө салуу аракеттерин эч качан АКШ менен координациялабайт деп билдирди. Аятолла Али Хаменеи өз сайтында жарык көргөн комментарийинде “алардын негизги максаты Ирандын аймактагы аракеттерин токтотуу болгондуктан, андай координацияны каалабайбыз” – деди. Аны менен бирге Кошмо Штаттар региондогу кийлигишүүсүнө чекит коюуга тийиш деп кайталады. Тегеран менен Вашингтон Сирия жаңжалында эки башка тарапты ээлеп келишет. Иран козголоңчу топторго каршы күрөшүп келаткан президент Башар Асадды колдойт. Ал эми ошол топтордун айрымдары Батыштын колдоосуна ээ. Тегеран ошондой эле Ирак менен Сирияда “Ислам мамлекети” радикал уюмунун буталарын бомбалап келаткан АКШ баштаган эл аралык коалиция менен да кызматташууга каршы. Ошол эле маалда Иран жихадчыларга каршы уруш жүргүзгөн Багдад менен Дамаскты өз өзүнчө колдойт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG