Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:16

Пакистандагы сел кырктан ашуун адамдын өмүрүн алды


Пакистандагы бир жыл мурдагы суу ташкыны.

Пакистандагы бир жыл мурдагы суу ташкыны.

Пакистандын Читрал районунда жекшембиде кокусунан башталган селден 43 набыт болгону маалымдалды. Дайынсыз кишилер изделип жатат.

Кабарларга караганда, өлкөнүн Ооганстан менен чектеш аймагында нөшөрлүү жаандан улам сел жүрүп мечитти жана ошол жердеги бир канча үйдү суу каптаган.

Табият кырсыгы кокусунан башталганы айтылууда. Издөө-куткаруу иштери уланып жатат.

Бул аймакта былтыр да сел жүрүп, адам өмүрү кыйылган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG