Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:52

Токтосун Самудиновдун эки томдук китеби чыкты


Токтосун Самудинов.
Токтосун Самудинов.

Кыргыз эл акыны Токтосун Самудиновдун эки томдук чыгармалар жыйнагы басылып чыкты. Автордун “Азаттыкка” кабарлаганына караганда, биринчи томдук “Айтылбай турган сөз эле...” деген аталыш менен жарык көрдү. Анда түрдүү эпиграммалар, пародиялар жыйналган.

- Аалы Токомбаев, Чыңгыз Айтматовдон баштап азыркы белгилүү акын, жазуучуларга чейин тамашалуу шарж, достук азилдер сыяктуу пародия, эпиграммалар, - дейт автор.

Экинчи тому “Чаң баспасын сөздөрдү” деп аталат. Китепте кыргыздын унутулуп бараткан, колдонулбай калган сөздөрү чогултулган. Аны ыр сөздүк деп да атаса болот. Томдук 2 миң нуска менен “Улуу тоолор” басмаканасынан жарык көрдү.

Акын Токтосун Самудинов пародия жана эпиграмма жанрында иштеген калемгерлердин бири. (RK)

XS
SM
MD
LG