Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:25

Тажикстанда аткаминерлер битир-садака боюнча отчет беришет


Дүйшөмбү шаары.
Дүйшөмбү шаары.

Тажикстанда аткаминерлер жана ишкерлер Орозо айында берген битир-садакалары боюнча отчет тапшырууга милдеттенме алышты.

Тажик президентинин администрациясы жарыялаган тапшырмага ылайык, чиновниктер, имам-хатибдер жана ишкерлер берген зекетти көзөмөлдөө милдети Дин, үрп-адат жана салттарды жөнгө салуу комитетине жүктөлдү.

Маалыматка караганда, аткаминерлер, имамдар жана ишкерлер президенттин администрациясына үй-бүлө мүчөлөрүнүн тизмесин жана майрамда берген садаканын суммасын жазып көрсөтүшү керек.

Орозо айт майрамы Тажикстанда 6-июлда белгиленет. Өлкөдө 18 миңдей мамлекеттик кызматкер бар. Имам-хатибдер 4 миңден ашуун.

XS
SM
MD
LG