Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Көлндө өткөн гей-парадга миллионго чукул адам катышты


Германиянын Көлн шаарында 3-июлда кумсалардын Christopher Street Day (CSD) деп аталган парады өттү. 950 миң катышкан бул иш-чара Европадагы эң ири гей-жүрүш деп аталууда.

12-июнда болгон Орландодогу Pulse гей-клубуна кол салуудан кийин акцияга катышууну каалагандардын саны азая түшөт деп айтылып жаткан эле.

Парадга чыккандар Орландодогу терактта курман болгон 49 адамдын элесине арнап желектерин түшүрүп, аза күтүштү. Андан соң жалпы дүйнө жүзүндө сексуалдык азчылыктарды коом кабыл алсын деп чакырышты.

Жүрүштүн катышуучулары өз өлкөсүндө укуктары сакталбай, басмырланган сексуалдык азчылыктарды колдой турганын билдиришти.

Көлндөгү кумсалардын жүрүшү 25-жолу өттү. Алгачкы ирет мындай жүрүш 1991-жылы уюштурулган.

XS
SM
MD
LG