Линктер

Ошто төрөт учурунда каза болгон 38 жаштагы аял боюнча ишти милиция иликтөөдө


Окуя 14-июнда Ош шаардык төрөт үйүндө болгонун Ош ШИИБнен маалымдашты. Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замирбек Сыдыковдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, маркумдун жакындары аялдын өлүмүнө дарыгерлерди айыптап, 2-июлда милицияга кайрылышкан. Кара-Суу районунун Баш-Булак айлынын тургуну, 45 жаштагы жаран дарыгерлер төрөттөн кийин аялынын абалына көз салбай койгон деп доомат коюуда.

Сыдыковдун маалыматы боюнча, учурда бул иш боюнча милиция иликтөө жүргүзүп жатат. Дарыгерлер аял кан көп кеткендиктен каза тапканын белгилешүүдө. Төрөт үйүнүн башкы дарыгери Мырза Стамкуловдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, келин үйүндө көз жарган:

-Үйүндө төрөп, бизге жатыны айрылган абалында келип түштү. Кан көп кетип калган экен, бөйрөктөрүнө чейин кан каптап кетиптир. Он эки саат күрөшүп, канды токтото албадык. Оштогу кан борборунан, Жалал-Абаддан, Ноокаттан алып келдик кан. Бирок сактап калууга болбоду.

Дарыгердин маалыматы боюнча, төрөлгөн ымыркайдын абалы канааттандырарлык, атасы үйүнө чыгарып кеткен.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда жыл башынан бери төрөттөн 18 аял набыт болгон. Ал эми өткөн жылы 63 аял төрөт учурунда дүйнө менен кош айтышкан.(ZKo/EN)

XS
SM
MD
LG