Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Ирак Багдаддагы теракттан кийин аза күтүүдө


3-июлда орун алган жардырууларга жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобу алды.
3-июлда орун алган жардырууларга жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобу алды.

Багдаддагы соода борбордогу жардыруудан 119 адам өлүп, 200дөйү жарадар болгон. 4-июлда Ирак өкмөт башчысы Хайдар аль-Абади теракт болгон жерге келип, үч күндүк аза күтүү жарыялады. Ал ошондой эле иликтөө иштерин жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жазалоону тапшырды.

3-июлда орун алган жардырууларга жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобу алды. АКШ терактты айыптап, ал ИМге каршы күрөшүү максаты зарыл экенин көрсөттү деди. “Биз “Ислам мамлекети” аталган террордук уюмду жоготууда Ирак эли жана өкмөтү менен бирбиз” деп белгиленген Ак үй тараткан билдирүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG