Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:45

АКШнын Сауд Аравиядагы консулдугуна жанкечти кол салды


Жиддадагы АКШнын консулдугун кайтарган саудиялык аскерлер.
Жиддадагы АКШнын консулдугун кайтарган саудиялык аскерлер.

Жидда шаарындагы консулдуктун алдында жанкечти өзүн жардырып жиберди. 4-июлда болгон терактта жанкечти өзү өлүп, эки полиция кызматкери жарадар болгон. Маалыматка караганда, жанкечти автоунаасын консулдукка жакын жерге токтоткон. Коопсуздук офицерлери жакындап келгенде автоунааны жардырып жиберген. АКШ консулдугу тараткан маалыматта, консулдук кызматкерлери жабыркабаганы жана алар окуяны иликтөөдө Сауд бийлиги менен байланышып жатканы айтылган.

"Ал-Каида" 2014-жылы да Жиддадагы консулдукка кол салган. Анда жалданып иштеген беш жергиликтүү тургун набыт болгон. Кол салгандардын төртөө өлтүрүлгөн. (AiT)

XS
SM
MD
LG