Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:28

Ушул тапта Бишкектеги Акүй алдында өздөрүн өрттөөгө даяр экенин билдирген 3 киши турат. Алар мындай кадамын парламент депутаты Абдыкапар Султановго нааразылыгы менен түшүндүрүшүүдө.

Өзүн өрттөйм дегендердин бири Бакыт Мендешов аялы депутат Султановдун жакынына таандык фирмада эмгектенгенин, каржылык мыйзам бузуулар боюнча ак жерден камакка алынганын билдирип, буга чейин да бир нече жолу өзүн өрттөөгө аракет кылган. Мендешовду милиция кармап кеткен болчу.

Ушул тапта Акүйдүн алдына өрт өчүрүүчү унаалар келди. Окуяга милиция көз салып турат.(BkA;ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG