Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Орусияда кыйраган учактын ичиндегилердин сөөгү табылды


Ил-76 учагы. Иллюстративдик сүрөт.
Ил-76 учагы. Иллюстративдик сүрөт.

Куткаруучулар Сибирде токой өртүнө каршы күрөштө кыйроого учураган учактын 10 учкучунун сөөгү табылганын кабарлады. Өзгөчө кырдаалдар министри Владимир Пучковдун 4-июлдагы билдирүүсүнө караганда, түнү бою жүргөн издөө жана куткаруу иштери токтотулду.

Өрткө каршы күрөш үчүн жабдылган Ил-76 учагы 1-июлда байланышка чыкпай калган. Кыйраган учак Рыбный Уян жергесинен төрт чакырым алыстыктан табылган.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адиси учактын кыйроо себебине токтолуп, коюу түтүндөн учкучтар багытын жоготуп коюш ыктымалдыгын билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG