Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Мамкаттоо жана юстиция министрлигинин кызматкерлерине сөгүш жарыяланды


Кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү.
Кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Күмүшбек Шамкановго кызматтык милдеттерин так аткара албагандыгы үчүн сөгүш жарыяланды. Ошондой эле экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай Курмановага өкмөт регламентин бузгандыгы үчүн сөгүш жарыяланды.

Мындан тышкары Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиевага аталган министрликтин статс-катчысы Нуржан Таштановго тагылган ишти убагында аткара албагандыгы үчүн чара көрүү тапшырылды.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 4-июлда кабарлады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG