Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:31

Британияда Биримдиктен чыгууга үгүттөгөн партия лидери кызматынан кетти


Британиянын "Эгемендик" партиясынын лидери Найжл Фараж көздөгөн максатына жеткендиктен партия лидерлигинен кетерин жарыялады. Фараж 4-июлдагы билдирүүсүндө Британияны Европа Биримдигинен чыгаруу боюнча көздөгөн саясий максатына жеткенин, бирок Европа Биримдиги менен жаңы сүйлөшүүлөргө “шумкардай көз салып” турарын белгиледи.

Найжл Фаражга чейин өкмөт башчылык үчүн күрөштөн баш тартканын Лондондун мурунку мэри Борис Жонсон билдирген. Ал да Фараж сыяктуу Европа Биримдигинен чыгууга үгүттөгөндөрдүн лидери болгон. (AiT)

XS
SM
MD
LG