Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:38

Президент Атамбаев Ирак бийлигине көңүл айтты


Соода борбордун имараты жанкечтинин жардыруусунан кийин. 4-июль, 2016-жыл.
Соода борбордун имараты жанкечтинин жардыруусунан кийин. 4-июль, 2016-жыл.

Багдадда жүздөн ашуун адамдын өмүрүн алган террордук чабуулдарга байланыштуу мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Ирак президенти Фуад Масумга көңүл айтты.

"Кыргыз Республикасы террорчулуктун бардык көрүнүшүн кескин айыптайт жана эл аралык коомчулуктун террорчулукка каршы күрөшкө багытталган аракеттерин толугу менен колдойт", - деп айтылат Атамбаевдин телеграммасында.

Өлкө башчы набыт болгондордун туугандарына жана жакындарына кайрат айтып, жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалады.

3-июлда Багдадда кош жардыруудан 119 адам өлүп, 200дөйү жарадар болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG