Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:44

Белгилүү ультрамарафончу Дин Карнасис Таласка жетти


54 жаштагы америкалык ультрамарафончу Дин Карнасис бүгүн Кызыл Жылдыз айылынан Талас шаарына чейин таластык жаштар менен чогуу чуркап келди. Бул аралык болжол менен 100 километрди түзөт. Белгилүү марафончу менен Талас шаар башкармалыгынын өкүлдөрү жана студенттер баарлашты. Эртең Дин Карнасис Бишкекке чуркап кетет.

Ал кечээ түштөн кийин кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетинен Таласка келген.

Казакстанды аралап чуркап келе жаткан жөө күлүктү таластык жаштар, чек арачы аскерлер салтанаттуу тосуп алышып, Таласты аралап 5 км аралыкка бирге чуркашкан.

Ал чек арадан өткөндө эле кыргызстандыктардын меймандос эл экенин, күн күтүлбөгөндөй ысык болгонун жана бул марафондо 570 км аралыкка чуркай турганын айтты.

Ультрамарафончу жөө чуркоо менен эл-жерди таанууну максат кылган. Эртең ал Таластан Бишкекке, андан ары Алматыга багыт алат. (SS)

XS
SM
MD
LG