Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:52

Тажиктердин ГЭС куруу кыялы орундалганы калды


Рогун ГЭС курулушу.
Рогун ГЭС курулушу.

Тажикстандагы Рогун ГЭСин акыры италиялык компания курмай болду. 4 миллиард доллар деп бааланган ГЭСти куруу боюнча өткөрүлгөн тендер италиялык Salini Impregilo SpA компаниясы утканы расмий жарыяланганы менен каржы булагы сыр бойдон калууда. Рогун ГЭСин куруу Тажикстандын улуттук кыялы десе болот.

Тажикстандын дүйнөдөгү эң мыкты ГЭС куруу кыялы орундалганы калды окшойт. Рогун ГЭСин куруу боюнча тендерге катышкан 15 компаниянын ичинен италиялык Salini Impregilo SpA компаниясы жеңүүчү деп табылганы тууралуу маалымат 27-июнда тарады.

Тажик бийликтеринин маалыматына караганда, тендерден уткан Salini Impregilo SpA компаниясы Рогундун долбоорунан баштап, жабдууларды сатып алууга жана долбоорду толук ишке берүүгө жооптуу. Плотинасы 330 метр бийиктикке көтөрүлө турган ГЭС курулушу 4 миллиард долларга бааланган. 2011-жылдан бери курулушу жүрүп аткан Рогун ГЭСинин директору Хайрулло Сафаров бул маалыматты ырастады. Бирок курулуш боюнча толугураак маалыматтар жакынкы күндөрдө жарыяланарын билдирди.

Тажик президентинин кеңешчиси Абдужаббор Рахмонзода Рогундун курулушу боюнча келишимге 1-июлда кол коюларын билдирди. Бирок тажик тарап жар салып аткан ири жаңылык тууралуу Salini Impregilo SpA компаниясынын расмий сайтында бир да маалымат жок.

Тажик бийликтери куруучу компаниянын атын жарыялаганы менен, Рогунду курууга кете турган каражат булагы тууралуу ооз ачыша элек. "Азаттыктын" тажик кызматынын журналисти Мирзо Салимов Рогундун каржы булагы тууралуу буларды боолголойт:

- Рогундун каржы булагы тууралуу бир да маалымат жок. Бул долбоорду кытай каржылап берет деген ойдон мен алысмын. Анткени мурдараак Рогундан бир нече эсе кичине болгон Зеравшан ГЭСин Өзбекстандын каршылыгынан улам каржылабай койгон. Менин оюмча, Рогун ГЭСин каржылоого Батыш гана батына алышы мүмкүн. Анткени алар Ооганстанга тынчтык алып келүү үчүн аймактын социалдык маселелерин чечүү керектигин жакшы түшүнүп калышты.

Жылына 3600 мегават электр энергиясын өндүрүүгө жөндөмдүү Рогун ГЭСинин курулушуна даярдык 1976-жылдары эле башталган. Союз кулагандан кийин токтоп калган ГЭСти Пакистан өкмөтү каржыламак болгондо Тажикстанда жарандык согуш от алып, келишимдер аткарылбай калган. Плотинасы 70 метрге чейин курулуп калган ГЭСти 1993-жылы улуу сел агызып кеткен. Русгидро дагы 1994-жылы Рогунду куруу ниетин билдирген бойдон дымып кеткен.

Курулушу 4 миллиард долларга бааланган долбоор Тажикстандын өнүгүүсүнүн ачкычы деп эсептелет. Мындан улам тажик бийлиги Рогун ГЭСи Тажикстан үчүн өзгөчө маанилүү долбоор экенин айтып келатат. Ага карабай, Өзбекстан ал ГЭС Борбордук Азияга экологиялык каатчылык алып келиши мүмкүн деген жүйө менен Рогундун курулушуна каршы чыгып келген.

Тажик бийликтери ырастагандай, эгерде Рогун ГЭСи курулуп калса Тажикстан энергетикалык көз карандылыктан толук арылат. Андан сырткары электр энергиясын Ооганстан менен Пакистанга экспорттогонго мүмкүнчүлүк жаралат. Анткени ГЭС жылына 13 миллиард киловатт саат электр өндүрүүгө жөндөмдүү болот.

Азырынча Тажикстанда элге жарык 4-5 саат гана берилет. Элдин бийликке болгон негизги нааразылыгы да ошол жарыкка коюлган чектөөлөрдөн улам жаралууда.

XS
SM
MD
LG