Кыргызстандын мамлекеттик карызы июнь айына карата 3 миллиард 945 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.
Бересенин эң көбү Кытайдын Экспорт-импорт банкына таандык. Бул мекеме Кыргызстандагы инфраструктуралык долбоорлорго 1 миллиард 400 миллион долларга жакын каражат берген. Кийинки орундарда Эл аралык өнүгүү бирикмеси, Азия өнүктүрүү банкы бар.
Булардан тышкары Кыргызстан Орусия менен Жапонияга ири өлчөмдө карыздар.