Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:25

Сауд Арабиядагы жардыруулардан төрт адам курман болду


Сауд Арабиянын Медина шаарында 4-июль күнкү жардырууда төрт күч кызматкери мерт кетти. Ички иштер министрлиги 5 адам жарат алганын кабарлады. Жанкечти бомбаны Мухаммед пайгамбардын мечитинин жанында жардырганын "Ал-Арабия" телеканалы маалымдады.

Жардыруу уюштурулган жерде Мухаммед пайгамбардын сөөгү коюлган. Ага зыярат кылууга жыл сайын миллиондогон мусулмандар келишет.

Жанкечтинин чабуулу мечиттин коопсуздук кызматы жайгашкан имаратынын жанында болгон. Социалдык тармактарга тараган видеодон унаанын күйүп жатканын көрүүгө болот. Кандуу окуяга карабай миңдеген мусулмандар мечитке келип, ибадаттарын аткарышканын жергиликтүү каналдар маалымдашууда.

Мурдараак өлкөнүн түштүк тарабындагы Катиф шаарында шииттер жашаган аймакта жанкечти өзүн жардырган. Анын артынан эле Жидда шаарында АКШ консулдугуна жакын жерде бомба жүктөлгөн машине жарылган.

Мусулмандар ыйык санаган орозо айынын акыркы күндөрүнө туш келген жардырууларга азырынча эч ким жоопкерлик алган жок. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG