Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:11

Атамбаев динди колдонгон кара ниеттерден этияттанууга чакырды


Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Рамазан айынын жыйынтыкталышы жана Орозо айт менен куттуктады. Бул ай ар бир мусулман үчүн ынтымакташууга, биримдикти чыңдоого чоң салым кошорун белгилеген президент мамлекетти бүтүн бойдон келечек муунга өткөрүү азыркы кыргызстандыктардын баарынын милдети экенин белгиледи. Ошондой эле Ислам дини илимдин, адабияттын, медицина менен маданияттын очогу экенин кошумчалап, бирок азыр аны кара ниеттүү террордук топтор өз пайдасына, геосаясий оюндарга колдонуп жатканын билдирди.

Мамлекет башчы өз куттуктоосунда диний кийимдер маселесин да козгоп, улуттук кийимдерди баалоого, бөтөн элдин салттарын элге сиңирбөөгө чакырды.

Кыргызстанда 6-июнда башталган орозо жыйынтыкталып, муфтият 5-июль – Айт майрамы деп жарыялаган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG