Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:21

Бишкектеги Айт намазына он миңдей адам келди


Муфтий Максатбек Ажы Токтомушев Айт намазына чогулгандарга диний насааттарды айтууда. 5-июль, 2016-жыл.
Муфтий Максатбек Ажы Токтомушев Айт намазына чогулгандарга диний насааттарды айтууда. 5-июль, 2016-жыл.

Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында окулган Айт намазына болжол менен он миндей адам келди. Бул тууралуу намазды көзөмөлдөп турган күч органдарынын өкүлдөрү кабарчыбызга билдиришти. Эртең менен жамгыр жаап, намаз башталган кезде жаан токтоду. Ибадатты аткарууга өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, калаа мэри Албек Ибраимов жетектеген бийлик өкүлдөрү, муфтий Максатбек ажы Токтомушев катышты. Президенттин куттуктоосун премьер-министр элге окуп берди.

Милиция кызматкерлери коопсуздукка байланыштуу намазга келгендердин чөнтөктөрүн, баштыктарын текшерип, анан аянтка киргизишти.

Айт намазы саат 7:30да башталды. Бишкектеги Эски аянтта оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан бул ирет намаз Жеңиш аянты тарапта окулду.

Ал эми Ош шаарындагы Борбордук аянтка майрамдык намаз окууга 15 миңдей адам келгенин аймактык кабарчыбыз билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев адаттагыдай Айт намаз ибадатын Чүйдөгү өзү туулган Арашан айылында аткарды.

Рамазан айы аяктап, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 5-июлду Орозо айт майрамы деп жарыялаган.

Ал эми коңшу мамлекеттерде айт намазы 6-июлга белгиленген. (SE)

XS
SM
MD
LG