Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22

Өзбекстан банктары чет элдик валюталарды алмаштырууга чектөө киргизди


Өзбек сумунун бир долларга катышы.
Өзбек сумунун бир долларга катышы.

Өзбекстан банктары июль айынан тарта чет элдик валютада накталай операцияларды жүргүзүүгө убактылуу чектөө киргизди.

СА-News билдиргендей, банктын кардары бир айда болгону 300 АКШ долларын гана алмаштырууга укуктуу. Бир күндүк чектөө мурдагыдай эле 100 долларды түзөт.

Банк секторунун өкүлдөрү бул маалыматты тастыктады, бирок себептерин ачыктоодон баш тартышты.

Ушул сыяктуу чектөө ушул жылдын январь айында дагы киргизилген эле. Жергиликтүү маалымат булактары билдиргендей, Өзбекстан бийлиги мындай жол менен арам акчаларды адалдаштырууга жана алмаштырууга каршы күрөштү күчөтүүнү көздөгөн.

Айрым экономисттер валюталардын айлануусун көзөмөлдөө максатында бул өңүттөгү жаңы тартип киргизилгенин белгилешүүдө. Мындан тышкары өлкө бийлиги банк секторунун мүмкүнчүлүктөрүн колдоо үчүн жеке каражаты жок болгондуктан, ушундай ыкма менен резервдерди калтыруу аракетинде. “Бирдиктүү банк” басылмасы кабарлагандай, валюталык активдерди банкта тутуу менен бийлик капиталды өлкөнүн ичинде сактап калып, алардын сыртка чыгып кетүү тобокелчилигин азайтууда.

XS
SM
MD
LG