Линктер

Буга Орусиянын транзиттик чектөөсү терс таасирин тийгизип жатканын кыргызстандык ишкерлер белгилешүүдө. ЖИА Бизнес биримдигинин аткаруучу директору Руслан Акматбектин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, 2015-жылы Орусия киргизген чектөөлөрдөн улам, кыргыз-украин соода алакасы дээрлик тең жарымына төмөндөгөн:

-Кыргызстан менен Украинанын ортосундагы сооданын көлөмү 2014-жылы 120 млн доллардын айланасында болгон. Өткөн жылы болсо, Орусиянын чектөөлөрүнө байланыштуу бул көрсөткүч 70 млн долларга чейин түшүп кетти. Украина Кыргызстан үчүн Европага ачылган терезе болсо, Кыргызстан Украина үчүн ЕАЭБге ачылган терезе эле. Бул мүмкүнчүлүктү биз, тилекке каршы, пайдалана албай атабыз.

Украинадан Кыргызстанга негизинен азык-түлүк импорттолот. Украин товарларынын 93% Орусиянын аймагы аркылуу өтүп келет. Орусия өз аймагы аркылуу транзиттик чектөө киргизгенден бери, Украинанын Кыргызстанга экспорту 70% азайганын украин бийлиги расмий билдирүүдө.

3-июлда Орусиянын президенти Казакстанга жана Кыргызстанга транзиттик жүк ташууга кошумча чектөө киргизүү тууралуу жардык чыгарган. Бул чектөө 2017-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.(ZKo)

XS
SM
MD
LG