Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

Нуржигит өзү жүрүүчү арабалуу болду


Нуржигиттин жаңы арабасы.
Нуржигиттин жаңы арабасы.

Ысык-Ата районунун кичинекей тургуну Нуржигитке Жапониядан өзү жүрүүчү араба тартууланды. Аны Жапониядагы кыргызстандык Авазбек Өмүрзаков берип жиберген. Жаңы арабанын Кыргызстанга жетиши кыйла убакытты алды. Электромобил арабаны 5-июлда Авазбектин инилери менен чогуу “Азаттыктын” кабарчысы Сабыр Абдымомунов Нуржигитке жеткирип берди.

Ысык-Ата районунун Эпкин айылынын баса албаган алты жаштагы тургуну Нуржигит тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы Сабыр Абдумомунов май айында видео-тасма жарыялаган. Ошондон кийин ага жардам берүүнү каалагандар көбөйүп, "Кыргызстан" коммерциялык банкынан баланын энеси Миргүл Сагынбек кызынын атына эсеп ачылды.

Нуржигиттин апасы Миргуль Сагынбек кызынын атына АКБ-Кыргызстан банкында ачылган эсеп: SWIFT: KYRSKG22, BIC: 103001, эсеп номуру: 1030120206683790; 1030120206683790. (ZKo)

Тепшиге байланган тагдыр
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:43 0:00

XS
SM
MD
LG