Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Казакстанда 6,5 миңден ашуун адамга жер берилди


Жер.
Жер.

Казакстандын Кызылордо облусунун алты жарым миңден ашуун тургуну турак-жай үчүн жер алышканын облустук акимчилик кабарлады.

Ал үчүн Кызылордо-Жезказган трассасын бойлой 980 гектар жер бөлүнгөн. Бийлик ал жерге Байтерек аттуу жаңы кичирайон курууну пландоодо.

Жакын арада ал жерге 75 чакырым жол, жүздөгөн чакырым коммуналдык түйүндөр салынат. Бул үчүн бюджеттен 10 млрд теңге бөлүнөрүн акимчиликтен ырасташты.

Акыркы жолу Кызылордодо 2004-жылы жер бөлүштүрүлгөн. Акимчилик ушу тапта 42 миң адам жер алууга кезекте турганын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG