Линктер

Орус-түрк президенттери бир ай аралыгында жолугушуусу ыктымал


Эрдоган жана Путин.

Эрдоган жана Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен бир ай аралыгында жолугушу мүмкүндүгүн Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган 5-июлда журналисттерге билдирди.

“Жолугушуу мүмкүн июлдун аягы же августтун башында “Чоң жыйырмалыктын” саммитинин алдында болушу мүмкүн. Бирок, бул азырынча так эмес”, деди Эрдоган.

1-июлда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Сочиде Кара деңиз экономикалык кызматташтык уюмунун жыйыныны учурунда сүйлөшүп, президенттердин кездешүүсүн уюштуруу чечимине келишкен.

Эки өлкөнүн байланыштары былтыр ноябрда Түркия орусиялык согуштук учакты атып түшүргөндөн кийин үзүлгөн. 27-июнда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган президент Владимир Путинге жолдогон катында учкучтун каза болушуна байланыштуу өкүнүчүн билдирген. Эки күндөн кийин президенттер ноябрдагы окуядан кийин биринчи жолу телефондон сүйлөшкөн.

XS
SM
MD
LG