Франция депутаттары терроризм коркунучтарына жооп катары чалгын кызматын кескин реформалоону сунушташты.
Ага ылайык, өлкөдөгү түрдүү чалгын кызматтары бирдиктүү “Улуттук антитеррористтик агенттик” болуп түзүлүүсү керек.
Парламент “Ислам мамлекети” террордук тобу Парижге ноябрда кол салып, 130 адамдын өмүрүн алган теракты иликтегенден кийин ушундай демилге көтөрүүдө.
Иликтөөчүлөрдүн төрагасы Жорж Фенек “Эл аралык терроризм коркунучуна бет келишкен учурда амбициябыз жогору болушу керек. Өзгөчө интеллектуалдык көз караштан алганда”, деген оюн билдирди.
Ал “Ислам мамлекети” террордук тобу өлкөдө кеминде жети ирет теракт уюштурганын эсептеп, АКШ 2001-жылкы чабуулдан кийин тиешелүү күч түзүмдөрүн бириктирип, Улуттук коопсуздук боюнча департамент түзгөнүн эске салды.