Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:53

Теракт мусулман өлкөлөрүнүн үшүн алды


Сауд Арабиясында 5-июлда үч жардыруу жасалды. Коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлеринин өмүрүн алган теракттар бир мезгилде уюшулуп жасалуусу менен жергиликтүү калктын чочулоосун күчөттү. Жардыруулар үчүн эч ким жоопкерчиликти ала элек.

Орозо айынын соңунда мусулман өлкөлөрүндө бир катар кандуу теракттар жасалды. 28-июнда Түркиянын Ататүрк аба майданындагы жардыруу 44 адамдын өмүрүн алса, андан кийин 1-июлда Бангладеште кафеге кол салуу жана барымтадагыларды бошотуу операциясында 20 адам өлүмгө учурады.

Эң кандуу теракт 3-июлда Багдадда жасалды. Ирак борборундагы жардыруулардан 213 киши набыт болуп, 200дөй жарадар болду.

4-июлда Сауд Арабиясында үч теракт катталды. Анын биринчиси Жидда шаарындагы АКШнын консулдугуна жакын жерде болуп, эки коопсуздук офицеринин өмүрүн алса, экинчи жардыруу Катиф шаарындагы шиилердин мечитине жакын жерде болгон. Үчүнчү теракт Медина шаарында болду.

Сауд Арабиясынын Ички иштер министрлигинин кабарлоосуна караганда, Мединадагы Мухаммед пайгамбар мечитине жакын жердеги жардыруудан төрт коопсуздук кызматкери өлүп, беш киши жарадар болду. Мухаммед пайгамбар коюлган, мусулмандардын эң ыйык туткан жерлеринин экинчиси болгон Мединадагы жардырууну жанкечти жасаган. Бул мечитке ажылык учурунда миллиондогон мусулмандар келип, намаз окуп кетет.

Маалыматка караганда, автоунаа токточу жерде шектүү адамды байкаган коопсуздук кызматкерлери ага жакындап келгенде бомбаны жардырып жиберген. Эч кайсы топ жардырууларга жоопкерчилик алган эмес.

Сауд Арабиясынын телеканалы көрсөткөндөй, теракттан кийин миңдеген мусулмандар коркуп калбай, Медина мечитинде намаз окушкан. Саудия бийлиги өзүн-өзү жардырган жанкечтилердин кимдиги аныкталганын айтып, бирок башка маалымат бере элек.

Орозо айынын аягындагы кандуу теракттардын айрымдарынын артында “Ислам мамлекети” аталган террордук тобу турганы айтылса, башкалары боюнча жоопкерчиликти эч ким бөлүшө элек.

Бангладештеги жардырууларды жергиликтүү жоочулар жасаганын өлкөнүн ички иштер министри Асадузаман Хан билдирген:

- Операция учурунда жок кылынган жоочулардын баары Бангладеш жарандары. Алар чет өлкөлүк болгон эмес. Алардын чет өлкөлүктөр менен байланышы болгонуна ишенбеймин. Жергиликтүү жоочулар ушул жерден эле тапшырма алышкан.

Бангладеште жоочулар кафеге кол салып, ал жерде отурган адамдарды барымтага алган. Барымтадагыларды бошотуу максатындагы аскерий операция учурунда 20 адам өлүп, 40тай киши жарадар болгон.

Ирактагы жардырууларга “Ислам мамлекети” аталган террордук уюм жоопкерчиликти алганы кабарланды. Ал эми Түркиядагы жардыруулар мына ушул топтун иши экенин түрк бийлиги маалымдаган. Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Стамбул аба майданындагы жанкечтилер жана анын артында тургандар КМШ мамлекеттеринин жарандары экенин билдирди. Алардын арасында кыргыз паспорту барлары чыкканы айтылууда.

Түрк өкмөт башчысы Бинали Йылдырым Стамбул жардыруусунан кийин коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн билдирди:

- Мына ошол тажрыйбадан кийин Ички иштер министрлиги оор куралданган атайын багыттагы күчтөрдү аба майданы, метро станциялары жана Мармара тоннелине жайгаштырды. Кокус бир нерсе болсо, жоопту ошолор берет. Бул алдын алуу чаралары.

Бириккен Улуттар Уюму “Ислам мамлекети” аталган террордук топтун Ирак жана Сирияда жеңилүүгө учурашы башка жерлерде, анын ичинде Европада теракт коркунучун күчөтөрүн эскерткен. БУУнун болжолу чындыкка жакындашууда.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG