Линктер

Чет өлкөлүктөргө орусиялык телекомпаниялардын аудиториясынын өлчөмүнө иликтөө жүргүзүүгө тыюу салынды. Маалымат каражаттары тууралуу мыйзамга өзгөртүүгө президент Путин кол койду.

Ага ылайык, чет өлкөлөр, эл аралык уюмдар жана алар көзөмөлдөгөн компаниялар, чет элдик юридикалык тараптар жана чет өлкөлүк капиталы 20% ашкан орусиялык юридикалык тараптарга чек коюлду

Мындан тышкары, мыйзам орусиялык телеканалдардын аудиториясын иликтеген уюмдарга Росскомнадзордун бир жылдык аккредитациясын алууга да тыюу салат.

Өзгөртүүнү ЛДПР депутаты Андрей Луговой демилгелеген. Муну орусиялык телеканалдар колдоп, бирок, жарыя берүүчүлөрдү жоготуп алуудан чочулап, мыйзамды 2018-жылы күчүнө кире тургандай кылууну өтүнүшкөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG