Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Абактагы айыпкердин табышмак өлүмү


Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Молдовановка түрмөсүндө мөөнөтү бүтөрүнө беш ай калган айыпкер асынып өлгөнүн билдирүүдө.

Аты-жөнү жарыялана элек 25 жаштагы айыпкердин жансыз денеси Молдовановкадагы №31 түзөтүү мекемесинен табылган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы маркум өз футболкасына муунуп өлгөнүн айтууда. Деген менен Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор айыпкер ур-токмоктун айынан көз жумган деп шектенүүдө.

Борбордун эксперти Асылбек Мараимбеков сөөктү кароодо башынан жана бутунан көгала тактар табылганын “Азаттыкка” билдирди.

- Денесинин баш жагында жана бутунда көгала тактар бар экен. Биз муну өлүкканага барып сөөктү караган учурда билдик. Биз ага карата кыйноо болгон деп болжоп жатабыз. Анткени айыпкер ШИЗОдо, башкача айтканда айып изоляторунда муунган. Ал аталган камерада жалгыз болгон.

Кыйноолорго каршы улуттук борбор медициналык экспертизанын бүтүмүнө жараша ишти прокуратура органдарына өткөрөрүн кошумчалады.

Анткен менен Жаза аткаруу кызматы экспертизанын тыянагы жок туруп түрмө кызматкерлерин айыптоо эрте экенин айтат. Мекеменин маалымат катчысы Элеонора Сабатарованын ырасташынча, айыпкер абак тартибин бузуп, өзүнчө айып изоляторуна камалганда асынган. Анын айтымында, буга түрмө тартибин бузганы себеп болгон.

- Медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен гана ким күнөөлүү экенин айта алабыз. Азыр өлүмдүн анык себебин айтуу кыйын. Негизи абакта тартип бюузгандар 12 сааттан бир канча суткага чейин айып изоляторуна камалат. Бул уставда көрсөтүлгөн. Ал ошол жерде футболкасына муунган. Алдын ала маалымат боюнча буга түрмө ичиндеги түшүнбөстүктөр себеп болгон.

Маркум уурулук беренеси боюнча мурда да бир канча ирет соттолгон. Анын эркиндикке чыгарына беш ай калган.

Кыйноого кабылды деп ажал тапкандар Кыргызстанда биринчи ирет катталып жаткан жок. Башкы прокуратуранын маалыматында 2014-жылы 220, 2015-жылы 199 кыйноо фактысы катталган. Сандар азайганы менен жабык жайдагы уставдан тыш мамилелер тыйылбай жатканына акыйкатчы Кубат Оторбаев да кабатыр.

- Кыйноо болду деген жерлерди мониторинг кылып жатабыз. Бизге кайрылгандар да көп. Кыйноо фактылары азайды деп айтуу туура эмес. Акыйкатчы институтуна келген кайрылуулар маселенин курч экенин көрсөтөт.

Азайбаган кыйноо фактылары

Башкы көзөмөл органы былтыр кыйноо фактылары боюнча 34 кылмыш ишин козгоп, 13үн сотко өткөргөн. Деген менен Кыйноолорго каршы улуттук борбор акыркы 13 жылда сот тарабынан кыйноо беренеси боюнча бир гана моюнга алдырган өкүм чыкканын айтып келет.

Укук коргоочу Турсунбек Акун жаза өтөө мекемелериндеги кыйноолордун азайбай жатышын күнөөлүүлөрдүн жазасыз калышынан көрөт.

- Ачык айтканда кыйноого каршы борбор начар иштеп жатат. Менимче кыйноо фактылары боюнча коомдук талкуулар өтүшү керек. Жарандарды кыйнаган тартип сакчылары жазасыз калып жатат. Мурдагы жылы үч гана кызматкер боюнча иш сотко өткөн. Бирок аларга сөгүш гана берилген. Кыйнаган адамдар кызматтан алынып, камалышы керек. Болбосо мындай фактылар азайбайт.

Укук коргоочулардын иликтөөсү боюнча 100 кыйноо фактысынын 85и күнөөнү моюнга илүү үчүн милиция кызамткерлери тарабынан жасалат. Кыйноого кабылдым деп арыз жазгандардын 95 пайызына далил жетишсиз деген шылтоо менен кылмыш иши козголбойт. Байкоочулардын баамында, жаза аткаруу мекемесинин кызматкерлери уставдан тыш мамилелерди көп учурда жаап-жашырууга аракет кылышат.

XS
SM
MD
LG