Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Дүйнөлүк чемпионатка билеттин баалары аныкталды


2018-жылы өтө турган футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионатта орусиялыктар үчүн эң арзан билет 1280 рубль болот. Бул тууралуу ФИФАнын маалымат кызматына таянып Интерфакс жазды.

Билеттердин бир бөлүгү “Чоң үчилтик” аттуу топтом менен сатылат. Аны менен 19 оюнду, анын ичинде ачылышты, жарым финалдар менен финалды Москва менен Санкт-Петербургдун стадиондорунун жакшы жерине отуруп көрүүгө болот.

Топтомдордун эң кымбаты 2,8 млн. долларды чамалайт.

Буга чейин 1,4 млн, 1,8 млн, 1,9 жана 2,1 млн долларлык топтомдор сатылган.

Дүйнө чемпионатындагы арзан билеттердин баасы тайпалык оюндарга 105 доллар, финалга 1100 доллар болуп келген.

Орусиялыктар үчүн билеттер рубль менен сатылат.

Кезектеги Дүйнөлүк чемпионат Орусияда 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлуна чейин өтөт. Оюндарды 11 шаардан - Москва, Санкт-Петербург, Калининград, Казань, Волгоград, Нижний Новгород, Самара, Саранск, Екатеринбург, Ростов-на-Дону жана Сочиден көрүүгө болот.

XS
SM
MD
LG