Линктер

Австриядагы кайра өтчү шайлоону 2-октябрга белгилөө сунушталууда


Австриянын ички иштер министри Вольфганг Соботка президенттик шайлоону кайрадан өткөрүүнү 2-октябрга белгилөөнү сунуштады. Сунушту эми министрлер кабинети менен парламент кубатташы керек.

Өткөн аптанын жума күнү Австрия Конституциялык соту 22-майда өткөн шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарып, күздө кайра шайлоо өткөрүү боюнча токтом кабыл алган.

Буга ультра оңчул "Эркиндик" партиясынын лидери Ханц-Кристиан Штрахенин добуш саноодо мыйзам бузулду деген арызы негиз болгон. Аталган партиядан талапкер Норберт Хофер экинчи турда атаандашына бир пайыздан азыраак добуш жетпей утулган. Жеңишке "Жашылдар" партиясынын мурдагы лидери Александер Ван дер Беллен жетишкен.

Сотто "Эркиндик" партиясы бюллетендер салынган почта конверттери маалынан эрте ачылган, тиешеси жок эле кишилер добуш эсептөөгө катышкан, айрым жерлерде өспүрүмдөр менен чет өлкөлүктөр да шайлоого катыштырылган деген жүйөлөрдү келтиришкен.

XS
SM
MD
LG