Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:53

Жалал-Абад жана Баткен облустарында сел жүрдү


Нөшөрлүү жаандан улам Жалал-Абад облусунун Аксы, Токтогул жана Ала-Бука райондорунда сел жүрүп, бир катар айылдарда турак-үйлөрдүн тамаркаларын суу каптады. Жолдорго шагыл түшүп, каттамдар убактылуу токтоп, кайра ачылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Баткендин Кадамжай районунда да сел жүрүп, Ош-Айдаркен жолунун четин суу жууп кеткен. Жолдун Жийделик айылынан өткөн участкасында каттамдын бир тарабы жабылып калган.

Сел жүргөн аймактарда тазалоо иштери уланууда.

Синоптиктер ушул күндөрү Кыргызстанда сел коркунучу күчтүү экенин эскертүүдө.

XS
SM
MD
LG