Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:21

Жалал-Абад: куралдуу карактоого шектелген топ кармалды


Кылмышка шектүүнүн көрсөтмөсү менен табылган куралдар.

Кылмышка шектүүнүн көрсөтмөсү менен табылган куралдар.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашкандай, куралдуу карактоо уюштурган деген шек менен Жалал-Абад шаарынын эки, Сузак районунун бир тургунунан турган топ кармалды. Алардын экөө 30-июнда кечке маал Сузак районунун Ырыс айылынын тушунда, Ош-Бишкек жолунда бараткан “Портер” үлгүсүндөгү унааны опузалап токтотуп, айдоочусун тапанча такап коркутуп жанындагы 300 миң сомун алып, чөнтөк телефонун сындырып качып кеткенге үлгүргөн деп айыпталып жатат.

Бул факт боюнча кылмыш иш козголгон, Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлеринен, облустук жана райондук милициядан турган ыкчам топ түзүлүп кылмышка шектүүлөр изи сууй электе колго түшкөн.

Кылмышка шектелгендердин бирөөсүнүн көрсөтмөсү менен Жалал-Абад шаарындагы имараттардын биринде темир челектин ичине катылган найлары (ствол) кесилген 12 калибрдеги үч даана, 16 калибрдеги бир даана сайсыз мылтыктар, бир тапанча жана ок-дары табылды. Куралдарды текшерүү үчүн соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды. Ошондой эле, кармалгандардын дагы башка куралдуу карактоого тиешеси бар-жогу текшерилип жатат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG